Аламүдүндө 111 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 03 Декабрь 2025 11:08
Снимок экрана 2025-12-03 095545.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Аламүдүндө 111 млн сомдук бала бакча 1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн районундагы "Золотой колосок" бала бакчасынын имараты жана 1 га жери муниципалдык баланска коюлбай, жеке тараптар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Прокурордук чара көрүү актысынын алкагында, наркы 111 млн 93 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылды.