Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Интернетте калың карды жиреп, мектепке бара жаткан окуучунун видеосу тарады. Видеодон кардын калыңдыгы 1 метрге жакын экенин көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары бул Ош облусунун Алайкуу аймагы экенин жазышууда.
Алайкууда кардын калың жааганы кадимки көрүнүш, айыл тургундары кышкыга отун-чөптү мол даярдап, кыштын камын жайда эле көрүп коюшат.
Адатта, бул аймакка кар октябрь айынын башында эле жаап салып кыш эрте башталчу. Быйыл декабрга чейин мал-жан кол карабай, жергиликтүүлөргө жеңилдик болду.