Алагөзов: Президенттин бөлүнүп-жарылуу тууралуу сөзү Ташиевге тиешелүү эмес

Саясат Загрузка... 10 Февраль 2026 18:43
2647462_ax8hk5H.c9194032877.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президент Садыр Жапаровдун комментарийине тактоо киргизди.

Анын айтымында, президенттин “коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” дегенде Камчыбек Ташиевди айткан жок.

Алагөзов белгилегендей, бул сөздөр Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан тартып коомдук ишмерлерге жана интеллигенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалып, ар кандай аракеттерге үгүттөгөн айрым адамдарга байланыштуу айтылган.

"Алардын катарында Бекболот Талгарбеков жана Эмилбек Узакбаев сыяктуу жарандар бар. Бул адамдар “Генерал тарапка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деген сыяктуу чакырыктар менен коомчулукта, анын ичинде Жогорку Кеңеш сыяктуу мамлекеттик түзүмдөрдө жооптуу кызматтарды аркалаган адамдар арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган", - деп жазды ал.

Ошондой эле Аскат Алагөзов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийи айрымдар тарабынан бурмаланып же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан, тактоо киргизүүнү туура көргөнүн кошумчалады.