Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстандагы объекттерди куралчан чет өлкөлүк жарандар кайтарып жатканы тууралуу интернетте тараган маалыматты төгүндөдү.

"Бул жигиттин видеосун башкалар да көрүп алып, ишенип албасын, жаңылып калбасын деген ниетте маалымдап жатам. Анткени видеодогу сөздөрүнүн бардыгы жалган. Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир обьект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт. Ошол эле маалда элди дүрбөлөңгө салуу максаты да кашкайып көрүнүп турат. Тилекке каршы, коомубузда маалыматтардын чын-бышыгын тактабай туруп, “чын эле ушундайбы?” деп ээрчип кеткен жарандарыбыз да бар. Мен толук жоопкерчилик менен айтып коеюн, Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок. Болушу да мүмкүн эмес", - деди Алагөзов.
Алагөзовдун айтымында, өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун мүчөсү катары кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында гана Кант шаарындагы Россиялык бирдиктүү аскердик объект иш алып барууда.
Ал эми видеодо сүйлөп жаткан Айдарбек Раев 2024-жылы Американын жарандыгын алыптыр. Ал жакта жатып алып жомок токубай, бул жактагы туугандарынан деле сурап койсо болмок экен. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар. Айдарбектей балдар өздөрү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй мына ошондой күчтөрдүн куралына айланууда. Бийлик мызамдуу жоопко тарта баштаса "мени жөн эле жоопко тартып атат" деген сөздөрдү айта башташат. Ошондуктан ушундай жалган маалыматтарды таратып провокация кылуудан алыс болуңуздар", - деди президенттин басма сөз катчысы.