Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому аукциондун экинчи этабын жарыялады. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, онлайн аукцион 8-10-апрелде өтөт.
"Аукциондун биринчи этабы былтыр июль айында өткөн. Анда жалпы 49 лот коюлган. Анын ичинен 14 лот сатылган. Калган 36 лот аукциондун экинчи этабына коюлат. Аукциондо 400 чарчы метрден 6 миң чарчы метрге чейин жер тилкелери бар", - деди ал.
Ошондой эле Жаркынбек Максүтов белгилегендей, аукциондо сатылып алынган жер тилкелери кыргыз жарандарына менчикке өткөрүлүп, кызыл китеп берилет. Ал эми чет элдик инвесторлорго 49 жылга ижарага берилет.
"Аукционду ачык-айкын өткөрүү үчүн онлайн түрдө уюштурулат" , - деп белгиледи ал.