Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы ондон ашык ратрак айдоочуну Алтайдагы "Манжерок" курортуна окууга жиберди. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишканадан билдиришти.
Маалымдалгандай, “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы менен “Манжерок” курортунун жетекчилигинин өз ара сүйлөшүүсүнүн негизинде тажрыйба алмашуу тууралуу макулдашылган.
“Буга чейин атайын жарыя аркылуу баарлашуудан өтүп, тандалган адистер Алтайдан тоңгон жолдорду жана тоо лыжа трассаларын даярдоо үчүн колдонулуучу ратрак техникасын башкарууну өздөштүрүшөт. Биринчи этап менен кар тракторун башкарууну теориялык жактан окуп үйрөнүшөт. Ал эми келерки жылдын февраль айында ушул эле багытта практикалык окууга жиберилип, анда кар тракторун башкарып, лыжа жолдорун салууну толук үйрөнүп келишет”,- деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын тоолуу аймактарында лыжа-курорттору бар болгону менен кар тазалоочу чакан техникалар гана колдонулуп келген. Ал эми курулуп башталган “Ала-Тоо Резорт” курорту Борбор Азиядагы эң ири, 4 мезгилдүү эс алуу аймагы болгондуктан, тоо лыжа трассаларын даярдоо үчүн колдонулуучу гусеницалуу техникa- ратракты алгачкы ирет колдонуп башташмакчы.