"Ала-Тоо" породасындагы койлорго патент алуу укугу берилди

Коом Загрузка... 28 Февраль 2025 10:00
362186.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28. 02.25. /Кабар/. “Ала-Тоо” породасындагы койлорго патент алуу укугу берилди . Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кой чарба тармагындагы селекциялык жетишкендигине укуктук статус берүү максатында Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институттунун Илимий-техникалык кеңеши жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорунун апробация (сыноодон) боюнча комиссиянын жыйынтыгын карап, "Ала-Тоо" породасына укуктук статус берүүгө оң добуш берилди. 

Эми кыргыз эт-май багытындагы “Ала-Тоо” породасындагы койлорго патент алууга болот.

Маалымат үчүн: "Ала тоо" породасы - жергиликтүү кыргыз койлоруна Гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат.