Ала-Букадагы жаңы өндүрүш: Жергиликтүү 200 тургун иш менен камсыз болот

Аймак 18 Июнь 2026 10:05
725106548_2114114972789089_5250123495188025445_n.jpg
726380988_2114115009455752_7086783634699563404_n.jpg
724653978_2114115026122417_1435183370033278048_n.jpg
724666150_2114114942789092_8335959671900979543_n.jpg
724912673_2114114986122421_1996218307437302279_n.jpg
725518670_2114114956122424_6058771522261823135_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Ала-Бука районунда алма концентратын өндүрүүчү ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 9 млн долларды түзөт. Завод үч гектар аянтка жайгашып, курулуш иштери аяктагандан кийин 200гө жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыз болот.

Өндүрүш ишканасы суткасына 500 тоннага чейин алманы кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда өндүрүлгөн алма түшүмүн кабыл алып, кайра иштетет. Даяр продукцияны жакынкы мамлекеттерге жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Заводдун ачылышы ушул жылдын август айына белгиленген.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев алма концентратын өндүрүүчү заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ал долбоордун аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисине токтолуп, каралбай келген алма түшүмүн кайра иштетүү багытындагы эң керектүү курулуш экенин айтты.

Ошондой эле ишкерлерди колдоо багытында мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.