Ала-Бука – Кербен жолун оңдоо: Кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди

Аймак 17 Июнь 2026 09:00
723706249_2112739332926653_4294444630381954626_n.jpg
723155240_2112744339592819_1237396663183269409_n.jpg
724376219_2112764509590802_6415412457521651046_n.jpg
724738989_2112764549590798_7384120439616181061_n.jpg
725096367_2112764516257468_6028064817220310524_n.jpg
726270334_2112764559590797_1970696796101350822_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 14,2 чакырым аралыгында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 482 млн 912 миң сомду түзөт. Жол оңдоо иштеринин буюртмачысы болуп "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы саналат. Курулуш-монтаж иштерин подрядчы мекеме катары "Дорсервис" ААК жүргүзүүдө.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Облус башчысы жол курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, иштин жүрүшүндө аныкталган айрым кемчиликтерди көрсөттү.

Ошондой эле подрядчы мекемеге жана тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.