Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп “Ала-Арчага” заманбап фуникулёр орнотту

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 18:40
DOS_4209.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы фуникулёрлор Борбор Азияда биринчи болуп Кыргызстанда колдонулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жаратылыш паркынын директору Нурмухаммед Эшматов асма жолдун ачылышында билдирди.

Анын айтымында өлкөдө алгачкы жолу курулган асма жолдун фуникулёру Борбор Азияда колдонула элек акыркы үлгүдөгү модель.

WhatsApp Image 2026-02-18 at 16.28.31.jpeg

“Автриялык Doppelmayr компаниясы мындай моделди биринчи жолу бизге орнотту. Эми асма жол эс алуучулар үчүн 20-февралдан тарта иштеп баштайт. Баасы киши башына 600 сом деп белгиленүүдө”, -деди ал.

Ошондой эле директор кыш мезгилинде паркка келип жаткан эс алуучулардын санына да токтоло кетти.

“Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин “Ала-Арча” паркына күнүнө миң киши келип-кетсе, дем алыш күндөрү 2500-3000 тегерегинде келүүдө.

Чыгыш Кытайдан жана Европадан абдан көп туристтер жана 70-80% өлкөнүн жаш жарандары келишет. Башкача айтканда, алардын көпчүлүк бөлүгүн студенттер түзөт”, - деди директор.

Андан сырткары, Эшматов парктагы жай мезгилине мерчемделген иштердин бири - курулуп жаткан роделбанды аягына чыгаруу экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин катышуусунда аталган паркта асма жолдун расмий ачылышы болду.