"Ала-Арчадагы" асма жол качан пайдаланууга берилери айтылды

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 17:00
copyright icon Кабар

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Учурда объектте ишке киргизүү-жөндөө иш-чараларынын алкагында техникалык сыноолор жүргүзүлүүдө. Иштерди асма жолдорду долбоорлоо, куруу жана тейлөө боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Doppelmayr компаниясынын инженерлери аткарып жатышат.

Бул этапта адистер коопсуздук системаларын акыркы жөндөө иштерин бүтүрүп, асма жолду жүк менен сыноого даярдап жатышат. Ошону менен бирге келечекте асма жолду иштетүүгө жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жооп бере турган адистерди окутуу уюштурулду.

Бардык техникалык жөндөөлөр аяктап, сыноолор ийгиликтүү өткөндөн кийин объект конокторду кабыл алууга толугу менен даяр болот. Асма жолдун расмий ачылышы болжол менен 14-15-февралга пландалууда, бирок так датасы бардык тесттик иштердин жыйынтыгы боюнча кошумча жарыяланат.

Эскерте кетсек, "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушу 2025-жылдын январында башталган. Маршруттун жалпы узундугу 23 чакырымды түзөт, бул долбоор өлкөнүн туристтик тармагындагы эң масштабдуу инфраструктуралык объекттердин бири болуп калмакчы. Асма жолдун ишке кириши парктын туристтик жагымдуулугун кыйла жогорулатып, анын жаратылыш кооздуктарына жетүүнү жакшыртат деп күтүлүүдө.