Бишкекте Конституциялык соттун 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

Коом 12 декабрь 2025 10:42
Бишкекте Конституциялык соттун 35 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КР Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, сот тутумунун, билим берүү мекемелеринин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Президенттин атынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов куттуктоо сөзүн сүйлөйт.

Белгилей кетсек, Конституциялык сот - өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолуна умтулуусун жана мыйзамдуулукту бекемдөөнү чагылдырган постсоветтик мейкиндикте түзүлгөн конституциялык көзөмөлдүн алгачкы институттарынын бири.