"Ала-Арча" жаратылыш паркында амфитеатр ачылды

Коом 08 Май 2025 16:44
495409241_550278051459310_2783295899647848374_n.jpg
494677988_550270421460073_7314683804584392847_n.jpg
495597406_550277964792652_3586751385855151973_n.jpg
495598404_550277901459325_2284105391307096331_n.jpg
496253185_550277984792650_3698398775059059771_n.jpg
496296891_550277918125990_2097138214511051462_n.jpg
Алдыга
Артка
495409241_550278051459310_2783295899647848374_n.jpg
494677988_550270421460073_7314683804584392847_n.jpg
495597406_550277964792652_3586751385855151973_n.jpg
495598404_550277901459325_2284105391307096331_n.jpg
496253185_550277984792650_3698398775059059771_n.jpg
496296891_550277918125990_2097138214511051462_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин иш башкармалыгы

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" жаратылыш паркында жаңы амфитеатрдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкамалыгынан билдиришти.

Амфитеатрды Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев расмий түрдө ачып, акыркы убактарда "Ала-Арча" паркында болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө токтолду.

"Учурда "Ала-Арча" жаратылыш паркында тынымсыз өзгөрүүлөр болууда. Алсак, Ала-Арча паркы Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири. Парк жаратылышты коргоо, экотуризмди өнүктүрүү жана элдин маданий эс алуусун камсыздоо максатында тынымсыз жаңыланууда. Май айынан тарта парктын аймагына электрокарлар менен кирүү каралып, жаратылышыбыздын тазалыгын сактоо башкы максат болуп калды. Алдыда дагы да калктын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүүнү токтотпойбуз", — деди Туманбаев.

Бул жаңы ачылган амфитеатр — "Ала-Арча" паркын маданий иш-чаралар үчүн ыңгайлуу аймакка айландыруу багытындагы чоң кадам. Ала-Тоо кучагында жайгашкан бул маданий жай, келечекте концерттерди, театр көрсөтүүлөрүн, фестивалдарды жана башка коомдук маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн мыкты аянтча болуп берери шексиз.

Ачылыш аземинин алкагында кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын концерти бийчилер менен коштолуп, эс алууга келген жарандарга көңүлдүү маанай тартууланды. Музыкалык коштоолор табигый кооздук менен айкалышып, өзгөчө атмосфераны жаратты.

Жаратылышты коргоо жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында “Ала-Арча” паркында жаңы долбоорлор мындан ары да ишке ашырылат. Электрокарлар менен кирүү мүмкүнчүлүгү жаратылышка зыян келтирбестен, экологиялык туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт.

Жаңы амфитеатр — бул парктын заманбапташуу жолундагы дагы бир жетишкендиги. Ал маданият менен жаратылышты айкалыштырып, эс алуучулар үчүн руханий байлык тартуулай турган уникалдуу жай болуп калаары шексиз.