Бишкектеги "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү алынууда

Коом 25 февраль 2026 10:46
1771925278.jpeg
1771925282.jpeg
1771925272.jpeg
1771925266.jpeg
1771925302_large.jpeg
Алдыга
Артка
1771925278.jpeg
1771925282.jpeg
1771925272.jpeg
1771925266.jpeg
1771925302_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда белгиленгендей, мындай чечимди жер тилкелерин берүү боюнча комиссия ижара келишими бүткөндүгүнө байланыштуу кабыл алган. Ага ылайык, 340 чарчы метр муниципалдык жер аянты бошотулушу керек.

Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы учурда кафенин аталган бөлүгүн алып жатат.