Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль утту

Спорт 1 октябрь 2026 16:30
Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль утту
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын балбаны Акжол Махмудов Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 77 кг салмак категориясында күч сынашып, коло медаль үчүн беттеште Кытайдын өкүлү Руи Люну 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Кыргызстандык балбан мелдештеги алгачкы беттешинде япониялык Нао Кусакадан утулуп калган. Кусака финалга чыккандыктан, мелдештин эрежесине ылайык, Махмудов көңүл жубатуучу беттешке катышуу мүмкүнчүлүгүн алган.

Көңүл жубатуучу беттеште ал Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөшкө жолдомо алган.