Акыйкатчы институтунун Бостери айылында кеңсеси ачылды

Аймак Загрузка... 14 Февраль 2026 15:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.02.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын аймактарга болгон иш сапары Ысык-Көл облусунда уланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы Бостери айылынын жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Сапардын алкагында маанилүү жаңылык катары — Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери эми Бостери айылында да жарандарды кабыл ала баштаганы айтылды. Буга чейин кеңсе Каракол шаарында гана жайгашкан болчу.

“Кошумча кеңселердин ачылышы жарандардын укуктары бузулган учурда ыкчам кайрылууга шарт түзүп, калк менен болгон байланышты күчөтөт. Биздин максат — укугу бузулган ар бир жаранга ыкчам көмөк көрсөтүү”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Жолугушууларда көтөрүлгөн негизги маселелер:

  • Жаш үй-бүлөлөр жер тилкелерин алуу жана Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу турак жай менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле пенсия, жөлөк пулдарды көбөйтүү жана үч жашка чейинки балдарга берилүүчү жөлөк пулдун тартибин кайра карап чыгуу сунуштары айтылды.
  • Ата-энелер аймакта реабилитациялык борборлордун, логопед жана дефектологдордун жетишсиздигин билдиришти. Облус боюнча 3890дой мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Балыкчы шаарынын мэри учурдагы борбордун имаратын кеңейтүү жана адистер үчүн өзүнчө шарт түзүү убадасын берди.
  • Бактуу-Долоноту айылынын тургундары таштанды таштоочу жайдын зыяндуулугуна даттанышса, айрым жарандар турак жайын мыйзамдаштыруудагы тоскоолдуктардан улам паспорт ала албай жатышканын айтышты.

Иш сапардын жыйынтыгында 15тен ашык жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынып, 27 жаранга оозеки кеңеш берилди.

Акыйкатчы ар бир кайрылуу көзөмөлгө алынарын жана чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштар жөнөтүлөрүн баса белгиледи.