Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Бүгүн ЖМК өкүлдөрүнө Юридикалык жардам кызматы уюштуруп жаткан он күндүк декаданын жүрүшү тууралуу маалымат берилип, пресс-тур өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында журналисттер “Аламүдүн Гранд” соода борборундагы Октябрь районунун, ошондой эле “Берекет Гранд” соода борборундагы Ленин районунун атайын консультациялык аянтчаларына барып, алардын иши менен таанышты.
Кызматтын маалыматына караганда, декада башталгандан бери үч күндүн ичинде өлкө боюнча уюштурулган консультациялык аянтчаларга 3 миңден ашык жаран кайрылган.
Юридикалык жардам кызматынын адвокаты Талант Райымбековдун айтымында, эки сааттын ичинде 7-8 адам юридикалык кеңеш суроо менен кайрылган.

“Учурда биз бул соода борборунда калкка акысыз юридикалык консультация берип, алардын көйгөйлөрүн талдап, багыт көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сот, прокуратура жана укук коргоо органдарына байланышкан суроолорду беришүүдө. Айрыкча, жер маселелери жана алдамчылыкка кабылгандар көп кайрылып жатат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган бул декада 2–11-декабрь күндөрү өтүп жатат. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында атайын консультациялык аянтчалар иштеп, тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип, укуктук маселелер боюнча кеңеш берүүдө.
Иш-чара Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан уюштурулууда.