Акыркы коңгуроо: Мектептен тышкаркы кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат

Коом Загрузка... 28 Май 2026 10:50
WhatsApp Image 2026-05-28 at 09.16.27 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. 29-майда өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук эрежелерин кылдат сактоого чакырат.

ИИМден белгилешкендей, бүтүрүү иш-чараларына байланыштуу төмөнкү аракеттерге жол берилбейт:

  • Мектептен тышкары кошумча кечелерди уюштурууга;
  • Фейерверктерди жана башка кооптуу пиротехникалык каражаттарды колдонууга;
  • Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн автоунаа башкаруусуна.

"Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул күндөрү өзгөчө төмөнкү аймактар көзөмөлгө алынат:

  • Коомдук эс алуу жайлары жана парктар;
  • Кафе-ресторандар жана оюн-зоок борборлору;
  • Суу сактагычтар жана көл жээктери;
  • Эл аралык жана ички унаа жолдору.

Мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого, ошондой эле балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.