Акыркы беш жылда өлкөдө 141 тонна алтын өндүрүлдү

Экономика 13 февраль 2026 11:40
Акыркы беш жылда өлкөдө 141 тонна алтын өндүрүлдү

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Акыркы 5 жылда өлкөдө 141 тонна алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул аралыкта тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, өсүү 3,5 эсени түздү.