Акыркы 5 жылда өлкө аймагында 3 683 чакырым жол асфальтталды

Экономика 29 Январь 2026 11:21
621911377_1205595651749179_4890818669839362715_n.jpg
622367918_1205594095082668_2432032631190287757_n.jpg
622701415_1205594088416002_3405105422868874965_n.jpg
622878455_1205596005082477_3364851233209511097_n.jpg
622905388_1205594808415930_2681320539034003194_n.jpg
624686642_1205595145082563_7716967242437951739_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Акыркы 5 жылда өлкө аймагында 3 683 чакырымдан ашык жолго асфальт басылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Бул аралыкта өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашып жатат.

Акыркы 5 жылда асфальтталган жолдордун көрсөткүчү:

  • 2021-жылы 175 чакырым;
  • 2022-жылы 488,4 чакырым;
  • 2023-жылы 673,8 чакырым;
  • 2024-жылы 802 чакырым;
  • 2025-жылы 1545 чакырым.

Ошондой эле жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2022-2024-жылдар аралыгында 750 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвал, автогрейдер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозер, автобетон аралаштыргыч, экскаватор жана башкалар кирет.

622367918_1205594095082668_2432032631190287757_n.jpg

Жол-транспорт тармагындагы жогорку көрсөткүчтөр техникалык базанын толукталышы менен жетишилип жатат. Алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө.