"Акылдуу" эсептегичке өтүү менен 10 тонна кагаз үнөмдөлдү

Коом Загрузка... 13 Ноябрь 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-11-13 at 10.01.38.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Эсептегичтеги көрсөткүчтү аралыктан чогултуп, 10 тонна кагаз үнөмдөлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

“Мурда инспекторлор үймө-үй кыдырып эсептегичтеги көрсөткүчтөрдү жазышчу. Азыр баары “Мой свет” тиркемеси аркылуу алынат. Аны республика боюнча 97,5% жарандар колдонуп жатат. Ошонун эсебинен бизде 10 тонна кагаз үнөмдөлдү. Бул 10 млн сомду түзмөк. Инспекторлорду кыскарттык, алардын функциясын “акылдуу” эсептегич аткарып жатат”, - деди министр.