Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында "BBNJ First Movers" иш-чарасы өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Акыл Токтобаев катышты.
Анда ал деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө келишимдин (BBNJ) күчүнө киришинин тарыхый маанисин белгилеп, аны натыйжалуу, инклюзивдүү жана эл аралык кызматташтыкка негизделген тартипте ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргызстан аталган келишимге 2025-жылдын 17-июлунда кол коюп, 2025-жылдын сентябрь айында ратификациялаган. Кыргызстан үчүн келишим 2026-жылдын 17-январында күчүнө кирген.
Акыл Токтобаев Кыргызстандын деңизге түз чыга албаган өлкө экенине карабастан, дүйнөлүк океанды сактоону эл аралык коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги катары карай турганын айтты.
"Океандар, тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана кургактыктагы экосистемалар өз ара байланышкан бирдиктүү жаратылыш тутумунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат", - деп кошумчалады министр.