Экологиялык коопсуздук: 22 адис тажрыйбасын жогорулатты

Коом
Экологиялык коопсуздук: 22 адис тажрыйбасын жогорулатты
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда экологиялык коопсуздук багыты боюнча 22 адис квалификациясын жогорулатты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Окуу курсунда адистер айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өндүрүштүн экологияга терс таасирин азайтуу жана экологиялык мыйзамдарды колдонуу боюнча билимдерин тереңдетишти.

Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Жыл аягына чейин тиешелүү адистердин бардыгын квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөрүү пландалууда.