Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жайкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ата-энелерге жана тиешелүү мамлекеттик органдарга чукул кайрылуу жасады.
Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, ал акыркы күндөрү катталган кайгылуу окуяларга байланыштуу кырсыктан каза болгон балдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
"ӨКМдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 41 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 13ү — балдар. Акыркы бир жумада Чүйдө эки бала сууга чөксө, Таласта дарыяга түшүп кеткен 15 жаштагы өспүрүм бир жумадан бери изделүүдө. Кырсык болгон жерде эскертүү белгилери орнотулган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп жаткан өспүрүмдү ток уруп, каза болду. Ички иштер башкармалыгы учурда бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Акыйкатчы институтунун мониторинги көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкан окуучулардын 70%дан 100%га чейинкиси сууда өзүн коопсуз алып жүрүү эрежелерин билишпейт.
"Бул өтө кайгылуу окуя. Балдардын коопсуздугун камсыз кылууга болгон аракеттерди көрүшүбүз керек. Ата-энелерди балдардын бош убактысына көңүл кош болбоого чакырам", – деди Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы ӨКМге калктуу конуштардын жанындагы дарыя жана суу сактагычтардын жээктерине сууга түшүүгө тыюу салган эскертүү белгилерин шашылыш түрдө көбөйтүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, милиция жана тиешелүү кызматтарга өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууда коопсуздук чараларын кылдат текшерүү жана Ош шаарындагы окуяны тыкыр иликтөө, ал эми социалдык кызматкерлерге ата-энелер жана балдар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды.
Жамиля Жаманбаева балдардын укуктарын коргоо Конституциялык милдет экенин, бул багытта министрлер кабинетине Жогорку Кеңеш тарабынан да атайын тапшырмалар берилгенин эске салды.