Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Жамиля Жаманбаева Токмок шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууга 200дөн ашуун адам катышып, каалоочулардын баары суроо берип, көйгөйлөрүн айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тургундар негизинен социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү.
Майыптыгы бар жарандар жеткиликтүү шарттардын жоктугуна, жөлөк пулдардын аздыгына жана МСЭКтен өтүүдөгү кыйынчылыктарга даттанышууда. Ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар балдарды мектепке кабыл алуу маселеси да курч бойдон калууда.
Айрым катышуучулар паспорт алуудагы көйгөйлөрдү жана турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин жетишсиздигин айтышты. Алар жерлерди трансформациялоо процессин тездетүүнү, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жетим балдарга турак жай бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнүштү.
Акыйкатчы мындай кайрылуулар Бишкек шаарынын тургундарынан да түшүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Аламүдүн районунун тургуну Боз-Бөлтөк айылындагы карьердин ишмердүүлүгү экологияга терс таасирин тийгизип, сууларды жана айлана-чөйрөнү булгап жатканын билдирди.
Жамиля Жаманбаева ар бир айтылган кайрылуу жана жазылган арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.