Акыйкатчы Степное айылындагы абакка барды

Коом 31 декабрь 2025 15:19
605592962_853504683981950_8217861783186711980_n.jpg
607506713_853504647315287_4190967665616634602_n.jpg
605606886_853504703981948_5764980066065467543_n.jpg
605681275_853504650648620_7561547637939921130_n.jpg
605683355_853504550648630_3304472531815148364_n.jpg
Алдыга
Артка
605592962_853504683981950_8217861783186711980_n.jpg
607506713_853504647315287_4190967665616634602_n.jpg
605606886_853504703981948_5764980066065467543_n.jpg
605681275_853504650648620_7561547637939921130_n.jpg
605683355_853504550648630_3304472531815148364_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Степное айылындагы абакка барып, соттолгон аялдардын укуктарынын сакталышына жана кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, абакта тигүү цехи жана наабайкана иштеп, анда аялдар эмгектенишет. Соттолгондор ашканага, чач тарачка жана дүкөнгө ишке тартылган. Абактагылар иштөө шарттарына нааразычылыгын билдиришкен эмес жана жакында эле эмгек акылары көтөрүлгөнүн айтышкан.

Ошону менен катар эле мекеменин аймагында балдар үйү да бар. Учурда ал жерде 5 эне 3 жашка чейинки балдары менен чогуу жашайт. Эң кичүүсү эки жумалык ымыркай. Энелер бардык зарыл каражаттар менен камсыз экенин билдиришти.

Жаманбаева кыркка жакын аял менен маектешип, укуктук кеңештер берилип, арыздары кабыл алынды.

Кайрылгандардын көпчүлүгү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Айрымдары пробация, мунапыс алуудагы кыйынчылыктарга, соттордун негизсиз чечимдерине нааразычылыгын билдиришти. Ошондой эле, тергөө абагындагы кармоо мөөнөтү туура эмес эсептелип калганын да (абакта бир күн эки күнгө саналат) айтышты.

Ал эми соттун чечимдерине нааразы болгондор акыйкатчыга юридикалык жардам жана мамлекеттик акысыз жактоочу алууга көмөк сурап кайрылышты.

Эки аял советтик үлгүдөгү паспортторун жаңыртып берүүнү өтүндү. Жазасын өтөп жаткан аялдар дары-дармектердин жетишсиздигин айтышты.

Учурда мекемеде 18 чет элдик жаран (Казакстан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка) жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алар өз өлкөлөрүнө экстрадициялоо маселеси менен кайрылышты.

Эми акыйкатчыга түшкөн кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Кароонун жыйынтыгы менен сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Жалпысынан мекемеде 17 жаштан 78 жашка чейинки 292 аял бар. Алардын ичинен: 248и — жалпы режимде, 22си — катуу шарттарда жана 34ү — катуу режимде кармалууда.