Акыйкатчы балдар жана аялдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат

Коом Загрузка... 18 Июнь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-06-18 at 11.57.38.jpeg
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана ИИМге кайрылып, 31 жаштагы Р.А.нын арызы боюнча тез арада текшерүү жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Арыздануучунун айтымында, мурдагы күйөөсү А.К. 2019-жылы ажырашкандан кийин балдарын алып кетип, жолугуштурбай койгон. 2020-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кыздарды апасынын кароосуна өткөрүү чечимин чыгарып, 2026-жылдын январында Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Бирок, А.К. кичүү кызын бүгүнкү күнгө чейин жашырып келет. Сот чечимин аткарбагандыгы үчүн ага кылмыш иши козголуп, электрондук билерик тагылган.

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында Р.А. кызын Бишкектеги жеке мектептердин биринен таап, ал жерге сот аткаруучуну жана милицияны чакырган. Бирок Свердлов районунун сот аткаруучусу М.Т. жана милиция кызматкерлери мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимине карабай, мурдагы күйөөсүнө кызды алып чыгып кетүүгө жол беришкен.

"Мындан улам Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана ИИМге кайрылып, Р.А.нын арызы боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштады. Ал бул окуяга тиешеси бар сот аткаруучулардын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана башка жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерин тез арада иликтөөгө жана аларга укуктук баа берүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.