Төмөнкү Серафимовка карылар үйүндө 15 адам паспорту жок жашайт

Коом Загрузка... 24 Март 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун алдындагы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө мониторинг жүгүздү.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталды. Атап айтканда, мекемеде жашаган 15 кары адамдын паспорту жок экени белгилүү болду. Алардын айрымдары архивдик маалыматтардын жоктугунан улам пенсияга чыга албай жатышат.

Ошондой эле айрым тургундар медициналык кызматтын сапатына нааразычылыгын билдиришсе, мекеме жетекчилиги дарылоо иштери туруктуу жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Мындан тышкары, айлык акынын аздыгынан карылар үйүндө эркек санитарлардын жетишсиздиги айтылды. Учурда жалаң аял кызматкерлер оор абалдагы бейтаптарга кам көрүүгө аргасыз болууда.

Белгиленгендей, аталган карылар үйүндө жалпы 276 адам жашайт. Анын 150сү — майыптыгы бар жарандар, 126сы — улгайган адамдар.

Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды социалдык мекемелерде жашаган карылардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыздоого чакырды.