Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту 26-июнь күнү белгиленүүчү Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялайт.
Институттан билдиришкендей, бир айлыктын алкагында Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери 13-майдан 25-июнга чейин жабык мекемелерде жолугушууларды өткөрүп, лекцияларды окушат. Иш-чаралар кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин алдын алууга, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоого багытталган.
"Ал эми 26-июнда соода борборлордо жана адамдар көп топтолгон жайларда маалыматтык-укуктук консультациялар уюштурулат.
Жарандар кызыктырган укугун коргоо жаатында кызыктырган суроолорго жооп алып, сотто укугун коргоо боюнча кенен маалымат, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине кабылганда кимге кайрылуу керектиги туурасында кеп-кеңештерди ала алышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 26-июнь — Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Дал ушул күнү, 1987-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясы күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы аталган конвенцияга 1997-жылы кошулган.