Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандын ири компанияларынын бири - «Акун» компаниясынын жетекчилери Айдай Турсунбекова жана Нурлан Абдыгулов менен жолугушту.
Соода өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда «Акун» компаниясынын жетекчилери өндүрүштү кеңейтүү, жаңы продукцияларды чыгаруу жана ишмердүүлүктү заманбап ыкмалар менен жүргүзүү максатында Түркиядан жаңы, заманбап жабдыктарды жана технологияларды алып келүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Соода өкүл Чыңгыз Эсенгул уулу кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоого даяр экенин, ошондой эле Түркиянын өндүрүш тажрыйбаларын үйрөнүү, байланыштарды түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бардык сунуштарга ачык экенин белгиледи.