Активдүү узак өмүр: Улгайган адамдар үчүн атайын программа ишке ашат

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 16:30
2892411.20beadc56eb2798d1aa3d8f7e3487244-696x392.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде "Активдүү узак өмүр" программасын ишке ашыруу боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Жыйынга агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев төрагалык кылып, анда улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана алардын ден соолугун чыңдоо багытында бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Белгиленгендей, программанын алкагындагы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте карылар жана майыптыгы бар жарандар үчүн атайын ыңгайлуу имараттарды куруу же жабдуу боюнча иш-план түзүлөт. Бул ишке эл аралык донорлор жана бизнес өкүлдөрү тартылат.

710403642_18410976145196946_1112844208021551743_n

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте улуу муундагы жарандар үчүн атайын көнүгүүлөр уюштурулат. Квалификациялуу инструкторлор жана дарыгерлер карылардын ден соолугун туруктуу көзөмөлдөп, аз кыймылдоодон келип чыккан оорулардын алдын алуу боюнча иштешет.

Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте аймактардагы карылардын спорт менен алектенишине жана коомдук иштерге активдүү катышуусуна шарт түзүлөт.

Жыйындын соңунда "Активдүү узак өмүр" программасын ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча даярдалган иш-чаралардын планы каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.