Аксыда оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты ачылды

Аймак 28 Март 2025 18:14
487120493_1163290058603375_8747237885576535186_n.jpg
486474494_1163290081936706_3216900228440691277_n.jpg
486699608_1163290135270034_7170453762352211557_n.jpg
486801336_1163290151936699_6112228205896407113_n.jpg
486831203_1163290028603378_3479655071087325910_n.jpg
487104522_1163290011936713_2214060671535901421_n.jpg
487276216_1163290101936704_2168975203633810133_n.jpg
487480674_1163289988603382_7691052118792119857_n.jpg
487507419_1163290185270029_7573648780184071244_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Аксы районуна караштуу Нарын айылында Р.Батырбеков атындагы оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, республикалык бюджеттин эсебинен 37,2 млн сом каржыланган. Долбоордун алкагында ооруканын чатыры, терезелер, электр жана жылытуу системалары алмаштырылды.

Ошондой эле экинчи кабатка керамикалык плита төшөлүп ички жасалгалоо жумуштары аткарылып, сырткы фасад жаңыртылды.