Аксыда мектептин курулушунда 8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Аймак Загрузка... 12 Февраль 2025 16:48
11.jpg
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Аксыда мектептин курулушунда 8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мектеп имаратынын курулушунда иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды кабыл алышкандыгы аныкталды.

Тагыраагы, аталган мекеменин кызматкерлери Аксы районунун Дардак-Дөбө айылындагы мектепти курууда каралган мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы тарабынан иш-жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан официалдуу иш кагаздарга жалган маалыматтарды киргизүү менен жумуштарды кабыл алышкан.

Натыйжада мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 8 млн 20 миң 778 сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан мыйзамга ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.