Аксыда 1,2 миң гектар жерге күздүк буудай эгилүүдө

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-10-04 at 21.45.56.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Аксы районунда 2026-жылкы түшүм үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндерин айдоо иштери жүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта 1200 гектар жерге күздүк буудай амофоз жер семирткичи менен кошо айдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аймактагы дыйкандар супер-элита сортундагы буудайды колдонуп, агротехникалык эрежелерди так сактоо менен сапаттуу үрөн себүүдө. Буудайды амофоз менен чогуу себүү — өсүмдүктүн жакшы өнүгүшүнө, күчтүү тамыр системасын түзүүгө жана келечектеги түшүмдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт.

Адистердин айтымында, буудайды өз убагында жана жер семирткич менен айдоо — түшүмдүн көлөмүнө жана сапатына түздөн-түз таасир этет. "Канчалык эрте жана туура айдалса, өсүмдүк кышкысын үшүккө азыраак кабылат, жазында болсо жакшы өнүп чыгат", — деп белгилешет агрономдор.

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен дыйкандарга сапаттуу үрөн, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер жеткирилүүдө. Ошондой эле айдоо иштерин аткаруу үчүн айыл чарба техникалары тартылган.

Райондук айыл чарба башкармалыгы тарабынан дыйкандарга түшүндүрүү жана практикалык жардам көрсөтүү иштери да жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Аксы районунда буудайдан тышкары арпа жана жүгөрү сыяктуу дан эгиндерин да кеңири айдоо пландалууда.