Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 10-беренесине ылайык Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Сыдыков Замирбек Бейшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.