Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Учурда мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Ошол эле учурда оюндарга катыша турган спортчулар да машыгууларын улантууда.
Алардын катарында АКШдагы кыргыздар тарабынан уюшулган Ордо оюну федерациясынын курама командасы бар. Алар учурда өлкөгө келип, алдыдагы мелдешке даярдык көрүп жатышат. Команда Кыргызстандын Ордо федерациясы менен биргеликте машыгып, жергиликтүү шартка көнүүдө.
Америка Кошмо Штаттарындагы кыргыз мекендештер түзгөн Ордо оюну федерациясынын президенти Касым Шабданбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, курама команда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн атайын тандоо мелдештери аркылуу түзүлгөн.

Анын айтымында, быйыл аталган өлкөдө ордо мелдеши беш ирет өткөрүлүп, ага өлкөнүн 51 штатынан 15 команда катышкан. Жыйынтыгында мыкты оюнчулар тандалып, Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган курама тандалып алынган.
“Быйыл чемпионаттын баш байгесине BMW үлгүсүндөгү автоунаа коюлду. Мелдешке 15 команда катышып, алардын ичинен мыкты оюнчулар тандалып алынды. Ошентип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга 9 оюнчу келди”,- деди Шабданбеков.
Ал белгилегендей, аталган курама үчүн Кыргызстандагы мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү - оюндун шарттары. АКШда ордо негизинен асфальт үстүндө ойнолот. Ал эми Кыргызстанда оюн топурак үстүндө өткөрүлө тургандыктан, курама команда жаңы шартка көнүү үчүн машыгууларын өлкөдө улантууда.
“Буга чейин АКШда топуракта ойноого шарт болгон эмес, ошондуктан биз асфальтта гана ойноп келгенбиз. Эми Кыргызстандын Ордо федерациясы менен биргеликте топуракта ойноого көнүп, даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз”, — деди ал.
Шабданбековдун айтымында, кыргыздын бул улуттук оюнуна америкалыктар да кызыгышат. Учурда федерациянын курамында америкалык оюнчулар да бар.
“Биздин негизги максатыбыз — кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин жана улуттук баалуулуктарын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу. Ал эми ордо оюну хандар ойноп келген, кыргыз элине гана тиешелүү оюн. Бул оюнга америкалыктар да кызыгып жатышат. Учурда биздин катарда эки америкалык оюнчу бар, алардын бири чемпионатка катышуу үчүн Кыргызстанга келди”, - деп белгиледи федерациянын президенти.
Ал ошондой эле Ордо оюну федерациясы 2022-жылы АКШнын тиешелүү органдарында расмий каттоодон өткөнүн белгиледи.
“Алдыда боло турган масштабдуу оюнда өз салымыбызды кошуп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылабыз”, — деп кошумчалады Шабданбеков.