АКШда жол кырсыгына кабылган жаранга тиешелүү жардам көрсөтүлөт – ТИМ

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 15:43
1.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги АКШда жол кырсыгына айыпталып кармалган Б.Б.нын туугандары менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Чикаго шаарындагы Башкы консулдук тарабынан жол кырсыгына айыпталган Б.Б. менен байланыш түзүлдү. 

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө консулдук-укуктук консультация өткөрүлүп, андан аркы аракеттер боюнча тиешелүү сунуштар берилди.

Б.Б. кармалып турган акыркы жай такталган соң консулдук жолугушууну өткөрүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлеринин баруусун уюштуруу пландалууда.

"ТИМ кырдаалга өзгөчө көз салып, жарандын туугандары менен байланышта болууда жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон консулдук-укуктук көмөктү көрсөтүүдө",-деп айтылат маалыматта.