Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалдык деңгээлдеги эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле Бишкек шаарын өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Тараптар АКШнын элчилигинин колдоосу менен, анын ичинде ишкер чөйрөлөрдүн катышуусунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти, бул экономикалык байланыштарды чыңдоого жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
АКШнын элчиси борбор калаанын акыркы жылдардагы динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн бир катар келечектүү багыттарын белгиледи. Өзгөчө көңүл коммерциялык кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда бизнестин катышуусун кеңейтүүгө бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого, практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин тастыкташты.