Академик Ахунбаевдин мурасы: Бишкекте эл аралык конференция өтөт

Коом 15 май 2026 10:25
68b42e35-59da-40dc-9758-4dbc14467156.jpg
51a6f9e1-e527-47ec-99a8-62a2bd9c5ff0.jpg
8ced70fd-c686-43e1-96bd-c7f384125289.jpg
82e2a1e0-74f4-4b07-b519-41849d3169ad.jpg
0710c888-32a8-46e9-9819-482bce564d1b.jpg
840c3b25-655e-4a12-a00c-1fc9691f2dd1.jpg
64030a79-aaa2-4cb4-8f1a-1c03fb0d78d1.jpg
2525200c-40e5-4a24-8656-532394604c14.jpg
abac2e95-0f85-4084-bc3d-9481fa3d5e51.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. 15-майдан 17-майга чейин Бишкекте "Заманбап кардиохирургия – академик И.К. Ахунбаевдин мурасы" аттуу IX эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, илимий конференцияга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Аравия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы адистери катышат.

Анын алкагында бүгүн министр Дамир Осмонов жана орун басары Бакытбек Кадыралиев Россиянын кардиохирургия жана жүрөк-кан тамыр жаатындагы алдыңкы адистеринин делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кардиохирургиялык кызматты өнүктүрүү, кесиптик кызматташууну чыңдоо, тажрыйба алмашуу, медициналык кадрларды даярдоо жана саламаттык сактоо системасына заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Дамир Осмонов аталган конференцияны өткөрүү ата мекендик кардиохирургияны жана эл аралык кесиптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Эл аралык конференция илимий жетишкендиктер менен алмашуу, актуалдуу чакырыктарды талкуулоо жана ар түрдүү өлкөлөрдүн медициналык мекемелеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болоруна ишеним билдирди.