Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Ак-Талаа районунун үч айылында электр кубаттуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Кубаттуулукту жогорулатуу электр энергиясына болгон муктаждыктын өсүшү жана тургундардын туруктуу электр энергия менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.
Учурда Ак-Талаа райондук электр тармактары тарабынан оңдоо жана жаңылоо иштери башталды. Өзгөчө жүктөм жогору болгон Баетов, Чолок-Кайың жана Ак-Кыя айылдарында эски трансформаторлор жаңы жана кубаттуусуна алмаштырылат. Тактап айтканда, Баетов жана Ак-Кыя айылдарында мурдагы 160 кВа кубатындагы трансформаторлордун ордуна 400 кВа 2 даана трансформаторлор орнотулат.
Ал эми Чолок-Кайың айылында мурдагы 63 кВа трансформатору 250 кВа трансформаторго алмаштырылып, электр жүгүн бөлүштүрүүдө туруктуулук камсыздалат.