Ысык-Көлдө кыян жүрдү: Каракол жана Ак-Сууда үйлөрдүн короолорун суу каптады

Аймак 464 20 Май 2026 09:50
WhatsApp_Image_0wMIRy6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
703307786_1684312652721306_161678107372501383_n.jpg
702846834_1684312529387985_3367840245611968479_n.jpg
703092353_1684312722721299_3523471829991234568_n.jpg
703064745_1684312532721318_3015978533112107820_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_0wMIRy6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
703307786_1684312652721306_161678107372501383_n.jpg
702846834_1684312529387985_3367840245611968479_n.jpg
703092353_1684312722721299_3523471829991234568_n.jpg
703064745_1684312532721318_3015978533112107820_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Каракол шаарында кыян жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын “Жол-Чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Восход кичи районундагы №2 үйдүн жер төлөсүнө кирип жаткан сууну буруу иштерин жүргүзүп, кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Тиешелүү техникалар тартылып, суунун андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам иштер жүрдү.

Ал эми жаан Каракол – Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымындагы жолдун жээгин жеп, жалпы 11 үйдүн, анын ичинен Маман айылында 4, Отуз-Уул айылында 3, Үч-Кайнар айылында 4 үйдүн короосуна суу кирген. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине үч техника тартылган.

ӨКМден белгилешкендей, бүгүн, 20-майда Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктө нөшөрлүү жаандан улам Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам жыйын өттү.

"Жыйында кыяндын кесепеттерин жоюуда Жарандык коргонуу кызматтарында жаралган көйгөйлөр талкууланып, калкты жана аймакты коргоо ишин тез арада жүргүзүүгө байланыштуу тапшырмалар тиешелүү кызматтарга берилди.
Мындан тышкары, жол салып жаткан чет элдик жеке менчик ишканаларга кырсыктын кесепеттерин жоюуда ыкчам иш жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.