Ак-Суу капчыгайында 200 орундуу заманбап санаторий курулат – эскиздери

Аймак Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 14:10
1.jpg
3ac393cd-7455-404e-a127-adbbc497baa2.jpg
5cf18937-8f06-41eb-8524-adfe632fc1df.jpg
56ea7c0e-a616-4176-b8ec-f3895ccbd720.jpg
74efd2b2-b563-4c00-90d3-9842b8af414c.jpg
144bd2a4-7ebd-4c43-866e-af68e0633e7f.jpg
c3d54d65-a46c-455f-a8d5-3ca2aacd380c.jpg
c8edb4f1-7aa9-4baa-8376-25e9c7a9daf8.jpg
d266ecb6-f942-43d4-9b94-55f521079102.jpg
da817c24-472a-4ab1-abcc-51d6b7f89a77.jpg
dc1124b7-db71-4705-ad5f-425e233bd97b.jpg
f82064cc-afa8-4714-b881-6da8182e468c.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында заманбап курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында Москва райондук архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.

Жаңы тоо курорту деңиз деңгээлинен 2 000 метр бийиктикте жайгашып, бир убакта 200 конокту кабыл алууга ылайыкташат.

"Анын курамына 3 мейманкана жана 4 апарт-отель корпусу, 9 өзүнчө коттедж жана 9 конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс жана универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы бар заманбап спа-борбору кирет", - деп айтылат маалыматта.

Объектти долбоорлоодо тоолуу аймактын табигый рельефи, климаттык шарттары жана курулуштун жаратылыш ландшафты менен шайкеш айкалышуусу толук эске алынган.