Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Ак-Өргө конушундагы Кырк-Кыз көчөсүндө текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз соода түйүндөрүн аныктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө муниципалдык жерге тиешелүү уруксат кагаздары жок эле кафе жана тандыр нан бышыруучу жай курулганы белгилүү болду.
Буга чейин объекттин ээлерине мыйзам бузууларды өз ыктыяры менен жоюу боюнча бир нече жолу расмий эскертүү берилген.
Бирок мэриянын мыйзамдуу талаптары аткарылбагандыктан, учурда аталган курулуштар Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан бузулууда.
Жыйынтыгында 200 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат.