Ак-Ордодо 750 орундуу дагы бир жаңы мектеп курула баштады

Коом Загрузка... 03 Апрель 2026 10:35
1051994697_0_133_3169_1916_1920x0_80_0_0_0b79656934dd0d2fdbfa64cf6147c800.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, объектти каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралган. Учурда имараттын экинчи кабатын көтөрүү иштери аткарылууда. Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси 4 блоктон турган 3 кабаттуу имараттан турат.

Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт. Алсак, химия жана физика сабактары үчүн атайын лабораториялар, информатика классы, эмгек кабинеттери, ашкана жана китепкана каралган. Ошондой эле бардык жабдыктары менен спорттук зал курулат.

Мындан сырткары, мектептин короосунда жайкы футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары болот. Жаңы билим уясы пайдаланууга берилсе, аймактагы мектеп орундарынын таңкыстыгы жоюлат.