Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 орундуу дагы бир чоң мектеп курулууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 343 млн сомду түзөт.
Жалпы аянты 6 416 чарчы метр болгон мектеп 4 блоктон турат. Заманбап талаптарга жооп берген 3 кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана спорт залы каралат. Мындан тышкары, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, техникалык жабдуулар менен камсыздалат.
Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта мектептин пайдубалы куюлуп бүттү.