Ак илбирсти коргоо: Чоң-Кеминде экологиялык фестиваль өтөт

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 14:40
728474473_27692577627026443_4291845031780023248_n.jpg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. 11-июлда Чоң-Кеминдин Шабдан айылындагы ипподромдо ак илбирсти коргоого арналган "Ак илбирс экофест Чоң-Кемин 2026" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чара жаратылышты сүйгөн инсандардын, жаштардын жана өлкө конокторунун башын бириктирген чоң аянтча болмокчу.

Фестиваль саат 09:30да башталып, күн бою бир нече тематикалык аянтчалар тынымсыз иштейт. Алсак, каскадёрлордун шоу-программасы, тайган-шоу, жаа атуу жана күрөш зонасы орун алат.

Ошондой эле BARS FASHION 2026 — ак илбирстин мыкты костюмдарынын сынагы жана студенттердин чыгармачыл номерлери, экологиялык таза продукциялардын жарманкеси, арт-зона, сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү болот. Балдар үчүн сүрөт тартуу мелдеши жана "Ак илбирстин секириги" аттуу кызыктуу спорт сынагы уюштурулат.

Белгилей кетсек, иш-чараны "Илбирс — Зеленое поколение" фонду, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Глобалдык программанын катчылыгы биргелешип уюштурууда.