Ак илбирс ЖИ аркылуу Кыргызстандын жаратылышын коргоого чакырды

Коом Загрузка... 11 Март 2026 18:08
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын символу болгон ак илбирс жасалма интеллекттин жардамы менен жаштарга кайрылып, жаратылышты сактоого чакырды. Мындай өзгөчө санариптик кайрылуу экологиялык демилгенин бет ачарынын алкагында тартууланды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бүгүн "Биз – Жашыл муун" демилгесинин жана "Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026" фестивалынын концепциясынын бет ачары өттү.

Иш-чаранын эң маанилүү учурларынын бири – жасалма интеллект технологиялары аркылуу түзүлгөн илбирстин өсүп келе жаткан муунга жасаган кайрылуусу болду. Улуттук символдун санариптик образы аркылуу жаратылышты асыроо, тоолорду сактоо жана планетанын келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуу чакырыгы айтылды.