Ак илбирс Кыргызстандын жети облусунда тең бар – Мусаев

Коом Загрузка... 13 Март 2026 13:55
WhatsApp Image 2026-03-13 at 13.47.19 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. Ак илбирс Кыргызстандын жети облусунда тең бар. Бул тууралуу “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.

Мусаев белгилегендей, ак илбирс тоолуу аймактарда гана жашайт жана Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет.

“Ак илбирсти бийик тоолордун падышасы деп аташат. Ал бийиктикти сүйгөн, суукка чыдамдуу, бирок ысыкты жактыра бербеген жаныбар. Мүнөзүнө жараша жашоосун бийик тоолордо өткөрөт. Илбирс байырлаган 12 мамлекеттин тоолуу аймактарында гана жашаса, биздин өлкөнүн жети облусунда тең бар. Бул биздин өзгөчөлүгүбүз жана сыймыгыбыз. Мисалы, эң чоң аймак деп саналган Кытайдын дагы бардык жеринде илбирс жок. Ал өлкөнүн Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында гана жашап, башка жерлеринде кездешпейт. Монголиянын дагы бийик тоолуу аймактарын гана байырлайт”, — деди А. Мусаев.

Ошондой эле министрдин орун басары акыркы убактарда илбирстер тоодон төмөн түшө баштаганын белгиледи. Бул көрүнүштүн бир нече себеби бар.

“Мурун аны көрүүгө зар болуп, изине карап санак жүргүзчү элек. Ал эми акыркы убактарда бул жаныбар калктуу конуштарга чейин түшүп келүүдө. Биринчи себеби — карылык болушу мүмкүн. Илбирс карыганда тиши түшүп, чоң эчки-текелерге алы жетпей калат. Ошондуктан ылдыйраактагы майда жандыктарга же үй жаныбарларына келе баштайт. Ошондой эле түгөй издөө же саны көбөйгөн сайын жер которуу максатында төмөн түшүшү ыктымал. Жаныбарлардын карыганын да жакшы жагынан карашыбыз керек. Анткени алар атылып же өлтүрүлбөй, өзүнүн табигый карылыгына жетип жатат. Илбирс адамга дээрлик кол салбайт. Ага кандайдыр бир коркунуч туулса гана жооп кайтарышы мүмкүн. Биз аны менен кездешип калууга даяр болушубуз керек”, — деди ал.