Ак-Босого конушундагы саркынды суу түтүктөрүнүн курулушу аяктоодо

Коом 1219 03 Апрель 2026 11:50
WhatsApp Image 2026-04-03 at 10.10.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 10.10.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 09.55.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 09.55.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 09.55.48.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бишкектин Ак-Босого конушундагы канализациялык тармактарды куруу иштери бир айдын ичинде толук аяктайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Буга чейин аталган конуштун тургундары саркынды суу түтүктөрүнүн курулушу жай жүрүп жатканына нааразы болуп, социалдык тармактар аркылуу ишти тездетүү өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан.

Тургундардын арыз-муңун жеринде угуу үчүн Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Улан Сарылбек уулу барып, эл менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аким курулуш иштеринин сапаты жана мөөнөтү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Подрядчы компаниянын берген маалыматына таянсак, учурда жумуш активдүү фазада жүрүүдө жана канализация тармагын тартуу иштери бир ай ичинде толугу менен бүткөрүлөт.