Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда жер казуу иштери аяктап калды.
Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча жалпы аянты 5257 чарчы метрди түзгөн, 5 блоктон турган, 2 кабаттуу имарат болот.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе 1200дөн ашык бала окуй алат. Учурда иштеп жаткан мектепте орун жетишсиздиги жаралып, бир окуу класста 40- 50 окуучуга чейин отурууда.